БОГОСЛОВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГОСЛОВСКИЙ́ВСКИЙ Никита Владимирович (9 (22). 5. 1913, Санкт-Петербург – 4. 4. 2004, Москва) – орус композитору, СССР эл артисти (1983).

Богословский Н. В.
Богословский Н. В.

А. К. Глазуновдун, Г. Н. Поповдун, П. Б. Рязановдун окуучусу. Кинематографисттер союзунун композиторлор комиссиясынын төрагасы (1971–1991). 1965-жылы вице-президенти, 1978-жылы СССР–Франция (1991-жылдан Россия–Франция) коомунун президенти. Ыр жанрынын чебери, 300дөн ашык ырлары бар, анын ичинен «Чоӊ өмүр» (1939), «Истребителдер» (1940), «Эки жоокер» (1943) жана башка кино тасмаларга да жазылган. Жазуучу катары «Глинканын керээзи», «Айлакер романы» (1993), «Кызык, кайгылуу жана күлкүлүү» (2003) жана башка сатиралык чыгармалардын автору.