БОЙЛЬ-МАРИОТТ ЗАКОНУ
БОЙЛЬ-МАРИО́ТТ ЗАКОНУ – газдын негизги закондорунун бири. Бул закон б-ча турактуу темп-рада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, б. а. PV=const. Законду бирбири м-н байланышсыз англис ж-а француз окумуштуулары Р.Бойль (1662-ж.) м-н Э.Мариотт (1676-ж.) аныкташкан. Бул законго ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Закон идеалдык газ үчүн так аткарылат.