БИОТЕХНИЯ
БИОТЕ́ХНИЯ (био... ж-а гр. techne – өнөр, чеберчилик) – аӊчылык кылынуучу жаныбарларды (негизинен сүт эмүүчүлөр ж-а куштар) табигый шартта көбөйтүү ж-а аларды рационалдуу пайдалануу ж-дөгү илим. Б. иштеп чыгуучу негизги маселелер: аӊчылык кылынуучу айбанат ж-а куштарды коргоо, багуу ж-а көбөйтүү; алардын жашоо шартын жакшыртуу; жапайы айбанаттарды аӊчылык кылынуучу жайларга байыр алдыруу. Б. сырткы чөйрөнүн ж-а адамдын чарбалык ишинин жапайы айбанаттарга көрсөткөн таасирин изилдейт, жапайы жаныбарларды (багыш, чаарбугу, марал ж. б.) бакмалаштыруу ыкмасын, зыянкеч жаныбарларга (карышкыр, чөө, сүлөөсүн, момолой ж. б.) каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгат.