ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА – to ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМЕТРИЯЛЫК О́ПТИКА – оптиканын бир бөлүмү. Тунук чөйрөдө жарык геометриялык түз сызык боюнча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Геометриялык оптика закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлөтүлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө ж-а оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы жөнүндөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу Евклид жарыктын түз таралуу ж-а күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, телескоп, микроскоп ж. б.) 17-кылымда ойлонуп табылгандан кийин, Геометрия тез өнүккөн. Голландиялык математик В. Снелл ж-а франциялык окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу ж-а сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-кылымдан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, Геометриялык оптика колдонмо илим катары өнүккөн. Геометриялык оптика закондору Ааламды изилдөөдө, айыл чарбасында, медицинада ж. б. илимий изилдөөлөрдө кеӊири колдонулат.