БИРДИК
БИРДИК м а т е м а т и к а д а – натуралдык сандардын эӊ кичинеси, п = 1. Кайсы гана сан болбосун аны 1ге көбөйтсө, ошол эле сан алынат. Негизги чоӊдуктар үчүн Б. бири бирине көзкарандысыз алынат да, алар жогорку тактыкта ишке ашырылат. Калган чоӊдуктагы Б. негизги Б-терге көзкаранды болуп, туунду Б. деп аталат ж-а чен бирдиктер формуласы түрүндө туюнтулат. Негизги ж-а туунду бирдиктер бирдиктер системасын түзөт. Алар физ. чоӊдуктарды өлчөөдө тандалып алынат.