БИРДИК 4
БИРДИК 4 (мурдагы Т и л е к, Б а я с т а н) – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Гроздь айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 25 км түн.-батыш тарапта. Аламүдүн темиржол бекетинен 30 км. 1931-ж. отурукташкан. Калкы 1255 (2005); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.