БИРДИК 4

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:19, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК (мурдагы Т и л е к, Б а я с т а н) – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Гроздь айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 25 км түндүк-батыш тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 30 км. 1931-жылы отурукташкан. Калкы 1255 (2005); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.