ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨ-МӨЛ – мал чарбачысында, жаныбардан алын­ган прокдуцияны ж-а сырьёну кайра иштетүүчү өнөржайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбар­ларды ж-а алардан алынган продукцияны экс­порттоодо ж-а импорттоодо вет.-санит. норма ж-а эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. О. эле ошол продукциялардын санит. сапатына да жооп берет. В.-с. к-үнүн вет. адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге тая­нып норманын чегинен чыккан продукциялар­дын абалын ж-а сапатын аныктайт. Бул көзө­мөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө вет. закон талап кылгандай ар бир жаныбар­дан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон ж-а адамга зыян­дуу продукцияларды ж-а сырьёну конфискация­лоо, жок кылуу, утилдөө ж-а зыянсызданды­руу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарба­сында В.-с. к-дөөнүн негизги ролу курулуш ка­ражаттарын же өндүрүш объектилерин колдон­боо ж-дө тыянак берүү; жагымсыз тоют ж-а суу­ну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу ж-а мамл. чегарадан чыгаруу же чыгарбоо б-ча чечим ка­был алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсеп­телген зонадан мал продукциясын ж-а сырьёну ташуу ж-а колдонуу иш-чараларын иштеп чы­гуу ж-а көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын вет.- санит. ишканалардын ветеринар адистери жүр­гүзөт. В.-с. к. вет.-санит. эрежелерди бузган та­рапты адм. жоопко тартуу укугуна ээ. В.-с. к. санит. эпидемол. кызмат м-н бирдикте иш жүр­гүзөт. А. Ш. Иргашев.