ВЕТЕРИНАРИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ -САНИТАРИЯЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ (ВСЭ) – 1) тамак-аш продуктулары­нын сапатын ж-а зыянсыздыгын аныктоо б-ча жүргүзүлүүчү изилдөөлөр ж-а чаралар комплек­си. Аны эт-сүт, балык, а. ч. мекемелеринде, ба­зарларда, кушканаларда вет. кызмат ишке ашы­рат. Малды соёрдо ж-а сойгондон кийин ылаң­га диагноз коюу, эт, сүт, балык, жумуртка ж-а алардан жасалган продукцияларды гистол., микробиол., физ., хим. ж. б. ыкмаларды кол­донуу м-н лабор. анализ жүргүзүлөт. ВСЭнин не­гизги маңызы – зооантропоноздук ж-а антро­позооноздук жугуштуу ж-а мите ылаңдарынын тамак-аш, жем-чөп ж-а тех. продукциялар ар­кылуу адамга ж-а жаныбарга таралуусунун ал­дын алуу. 2) Ветеринарияны тамак-аш продук­туларын, өсүмдүк ж-а жаныбарлардан алын­ган сырьёлорду изилдөө ыкмаларын ж-а вет.- санит. баалоо принциптерин изилдөөчү бөлүмү. ВСЭ өзалдынча илим тармагы катары 20-кылымда калыптанган, бирок жаныбарлардан алынган кээ бир продуктулардын тамак-аш катары жа­рактуулугун ж-а жараксыздыгын аныктоо 17-кылымдан баштап эле белгилүү болгон. ВСЭ мите ылаң­дарда, лейкоздо, чочконун ж. б. жаныбардын сибирь кулгунасында; токсикоинфекцияда ж-а токсикоздо эттин, балыктын жаңылыгын ж-а ылаңдаган малдын этин тамак-ашка жарамдуу же жарамсыздыгын аныктоодогу хим. ыкмалар­ды; гистол. ыкма м-н эттин канча деңгээлде жа­ңылыгын ж-а жетилгенин, радиоактивдүү зат­тар ж-а иондук нурлар м-н продукциялардын бузулганын аныктоо; жаныбарлардан алынган кургак тоют продукцияларына вет.-санит. баа берүү иш-чараларын ж-а ыкмаларын иштеп чыгат. А. И. Иргашев.