ВЕЧЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЧЕ (эски славянча «вещать» – сүйлөө деген­ден) – байыркы ж-а о. кылымдагы Руста жал-


пы маселелер талкуулана турган элдик чогулуш. Славяндардын уруу жыйындарынан келип чык­кан. Байыркы орус мамлекети (к. Киев Русу) пайда болгон соң, феодал аксөөктөр В-ни князь бийлигин чектөө максатында пайдаланышкан. Анда согуш ж-а тынчтык, посадниктерди шай­лоо же алып таштоо ж. б. маселелер каралган. В-ни чакыруунун белгилүү мөөнөтү болгон эмес. Коңгуроо кагылганда, калк белгилүү аянтка жыйналган. В. чыныгы элдик бийлик болгон эмес, иш жүзүндө бийлик феодалдарга ж-а шаар­дык аксөөктөргө таандык болгон, бирок ал көпчүлүк элге саясий турмушка белгилүү дара­жада таасир этүү мүмкүндүгүн түзгөн. Улуу княз­дар бийлигинин чыңдалышы м-н, 14-кылымдын аягынан В. жоюла баштаган.