«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК»
«ВЕЧЕ́РНИЙ БИШКЕК» – жумасына 5 жолу чыгуучу шаардык гезит. Мурдагы Кырг-н КП БКнын Фрунзе шааркому м-н эл депутаттарынын Фрунзе шаардык советинин басма органы катары 1958–59-ж. «Вечерняя газета» деген аталышта чыгып турган. 1974-жылдын 1-январынан «Вечерний Фрунзе» аталып, кайрадан жарык көрө баштаган. 1991-жылдан азыркы аталышта. Гезитке «Вечерний Бишкек Басма үйү» ЖАК ээлик кылат. Негизинен шаар жаңылыктары, коомдук-саясий, экон., социалдык маселелер чагылдырылат. Жарнама берилет. Тиражы 7 миң (жумалык тиражы – 60 миң).