ВИАДУК
ВИАДУ́К (лат. via – жол ж-а duco – алып барам) – терең аң болуп кеткен жолдун кесилишине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. В. негизинен материалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кылып төгүү тех. жактан пайдасыз болгондо колдонулат. Алгачкы В. байыркы Римде пайдаланылган. 19-кылымда кыштан ж-а таштан курула баштаган.