ВИБРАФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИБРАФО́Н (лат. vibro – термелем) – урма муз. аспап‚ металлофондун бир түрү. 20-кылымдын ба­шында ойлоп табылган. Фортепьянонун кла­вишалары сыяктуу эки катар жайгашкан ар-түрдүү узундуктагы металл пластинкалардан турат.


Аткаруучу учу кебез же резина таякча­лар м-н пластинкаларды ургулап ойнойт. В-дон жумшак‚ термелген өзгөчө добуш чыгат. Ал ор­кестрде, кээде жеке да ойнолот.