ВИБРИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИБРИО́З , к а м п и л о б а к т е р и о з (Сampylobakteriosis) – негизинен бодомал м-н койдун жыныс органдарын жабыркатып, мас­салык баласалууга (абортко) дуушар кылуучу жугуштуу ылаң. В-дун козгогучу 1909-ж. козу салган койдун, 1913-ж. музоо салган уйдун чөбүнөн ж-а күмөн ткандарынан табыл ган.
В. кишиге да жугат. Бодонун кампилобактерио­зунда ылаңдуу бука инфекциянын негизги бу­лагы болуп саналат. Козгогуч алардын жыныс органында көп жыл сакталып, урук (сперма) ж-а урук безинин секрети м-н кошо сыртка бөлүнүп чыгып турат. Ылаңдуу уй м-н кунаа­жындар да бир кыйла коркунучтуу, алардын жыныс органдарынан аккан суюктук м-н коз­гогуч 3–10 айга чейин сыртка бөлүнүп чыгат. О. эле, козгогуч сыртка ылаңдуу уйдун сүтү, сий­диги м-н ж-а түшкөн күмөн аркылуу да бөлүнүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Соо койлорго ылаң коз­гогуч м-н булганган жем-чөп, суу аркылуу жу­гат. Ылаңдын алдыналуу үчүн вакцина куюлат. Дарылоодо ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, анти­септикалык эритмелер (риванол, фурациллин, калий перманганаты) ж-а антибиотиктер (пе­нициллин, стрептомицин, хлортетрациклин, окситетрациклин, гентамицин ж. б.), нитрофу­ран ж-а сульфаниламид препараттары (фуразо­лидон, фурагин, стрептоцид, норсульфазол, сульфапиридазин) суспензия ж-а эритме түрүндө колдонулат. Д. Раимбеков.