ВИДЕОТЕЛЕФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОТЕЛЕФО́Н – сүйлөшкөндөрдүн үнү м-н кошо экран аркылуу өңүн көргөзүүчү байланыш­тын түрү. В-дун кабыл алуучу бөлүгүндө кинес­коп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк – видикон болот. Экранда сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25x37ден 50x75 ммге чейин жетет. В. шаар аралык телефон станция­сынын атайын жабдылган сүйлөшүү пунктта­рына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди ж-а схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.