ВИЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЗА (лат. visus – көрүлгөн, каралган) –

1) жооптуу кызмат адамы тарабынан кандай­дыр бир документтин же актынын анын анык­тыгын же күчүнө киргизилишин күбөлөндүргөн жазуу.

2) Кайсы бир мамлекетке кирүүгө, андан чыгып кетүүгө же анын аймагы аркылуу өтүүгө атайын уруксат берилгендиги ж-дө паспортко коюлган расмий белги. Дипл. өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрүнө, эларалык жолугушуулардын, көр­гөзмөлөрдүн, салабаттуу жыйындардын, конф­ялардын катышуучуларына ж. б. четке чыккан расмий кызмат адамдарына атайын дипл. В. бе­рилет, ага ылайык, эларалык эреже б-ча кабыл алуучу мамлекеттин чегарачылары, башка бий­лик кызматкерлери мындай адамдарга урмат­сый көрсөтүп, тейлөөгө көңүл бурушат. В. мер­чемдүү мөөнөткө берилет. В. системасы – өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын келип-кетишин ж-а өз жарандарынын чет өлкөлөргө барышын көзөмөлдөп, жөнгө салып туруучу мамл. ара­лык кызмат чөйрөсү. Тиешелүү мамлекеттердин өзара келишимдеринин негизинде В-сыз карым­катнашуу практикасы да кеңири жайылтылган. М. Керимбаев.