ВИЛЛЕМСТАД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЛЕМСТАД – Антил аралдарынын (Нидер­ланддык) адм. борбору. Калкы 98,3 миң (2006). Кюрасао а-нын түш.-батыш жээгинде. Кариб деңизинин түштүгүндөгү ири порт; Скоттегат табигый жабык гаванында жайгашкан; деңиз м-н канал аркылуу (эки көпүрөсү бар) туташат. Океан кемелери да токтойт (Батыш жарым шардагы эң ири кургак док; нефть сактоочу жайы да бар). Эларалык аэропорту бар. 1527-ж. испандар негиздеген, 1634-ж. нидерланддар ба­сып алган. 17–18-к. Кариб деңизинин алабын­дагы кул соодалоонун башкы борборлорунун бири болгон. 18-кылымдагы черепица м-н жабылган голландиялык үйлөр фонтандары м-н, Амстер­дам форту (өкмөт резиденциясы; 1635), губер­натор сарайы, ратуша, чиркөө (1769), кул соо­далоочу эски базар, калкыма базар (тент м-н жабылган кайыктар), Батыш Жарым шардагы байыркы Микве синагогасы (1732) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк му­растын тизмесине кирген. Ун-т (1732), музей­лер (Кюрасао, нумизматика, почта, улуттук археол., антропология, деңиз ж. б.) бар. В. – офшор бизнесинин ж-а чет элдик туризмдин борбору. Нефть ажыратуучу з-д (негизинен Венесуэладан алат) иштейт.