ВИЛЬГЕЛЬМ I

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЛЬГЕ́ЛЬМ 1 I Гогенцоллерн (22. 3. 1797, Бер­лин – 9. 3. 1888, ошол эле жер) – Пруссия ко­ролу (1861–88), 1871-жылдан Германия импе­ратору. Кемакыл король Фридрих Вильгельм IVнүн тушунда (1858–61) регент болгон. Алгач либералдык реформаларды жактагандыгы туу­ралуу билдирип, кийин андан баш тарткан. 1862-ж. Отто фон Бисмаркты министр-президент кызматына чакырып, ошондон тарта анын Пруссияны күчтөндүрүү саясатын колдогон. Франция-Пруссия согушунун учурунда пруссия­лык аскерлердин башкы командачысы катары Седандын алдында Наполеон IIIнүн капитуля­циясын кабыл алган. 1871-ж. Бисмарктын таа­сириндеги германиялык монархтардын им­ператор болуу сунушун кабыл алып, Германия империясынын түзүлүшүнө негиз салынган. Иш жүзүндө анын тушунда Пруссияны, кийин Гер­мания империясын Бисмарк башкарган.