ВИНДИКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИНДИКА́ЦИЯ (лат. vindicatio‚ от vindico – коргоймун‚ талап кыламын) – менчик ээсинин өз менчигин бул менчикти мыйзамсыз негизде ээлеп алган үчүнчү жактан сот тартибинде та­лап кылуусу. Менчик ээси мүлктү гана эмес‚ мыйзамсыз ээси мүлккө ээлик кылган убакыт ичинде же ал ээлеп алууга укуктуу эместигин билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып алган же алууга тийиш болгон кире­шелердин ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.