ВИНИЛХЛОРИД
ВИНИЛХЛОРИ́Д , х л о р д у у в и н и л, СН2=СНСl – эфир жыттанган түссүз газ; мол. массасы 62,50, кайноо t–13,8°С; сууда начар, хлороформдо, дихлорэтанда, эфирде жакшы эрийт. Галогендүү суутектер, галогендер м-н оңой кошулуп, диж-а тригалогенэтандарды пайда кылат. Молекуласында кош байланыш болгондуктан, олефиндерге мүнөздүү реакцияларга
кирет. В-ге НСl этиленге караганда оңой кошулат. Анын полимерлешүү реакциясы өтө маанилүү. В. окистенип, хлорацетальдегидди же формальдегидди пайда кылат. Ал өнөржайда ацетиленди, этиленди дихлорэтанга чейин хлорлоп, андан НСlду бөлүү м-н алынат. Поливинилхлорид, винилхлорид ж-а метилхлороформду алууда колдонулат.