ВИННИПЕГ (көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ННИПЕГ 1 , У и н н и п е г (Winnipeg) – Кана­данын түштүгүндөгү көл. Муз каптоо доорунда пайда болгон Агассис көлүнүн калдыгы. Аян­ты 24,3 миң км2. Тереңдиги 28 мге чейин. Сас­качеван, Ред-Ривер д. куюп, Нельсон д. агып чыгат. Ноябрдан майга чейин тоңот. Кеме жү­рөт. Балык кармалат. Топоним индейлердин ви-ни-пи – «ылайлуу суу» деген сөзүнөн пайда болгон.