ВИННИПЕГ (шаар)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ННИПЕГ – Канаданын түштүгүндөгү шаар. Манитоба провинциясынын адм. борбору. Кал­кы 632,9 миң (2006). Ред-Ривер ж-а Ассинибойн д-нын кошулган жеринде жайгашкан. Ири жол­дор тоому (шаар аркылуу трансканада темир ж-а автомобиль магистралдары өтөт). Эларалык аэропорту бар. Шаар 1873-ж. негизделген. В. – билим берүүчү ири борбор. Ун-ттер, музейлер (анын курамында планетарий), заманбап иск­во гал. ж. б. бар. Театрлар (а. и. Виннипег ко­роль балети, 1939; Манитоба театр борбору ж. б.) иштейт. Жыл сайын театр фестивалы өткөрүлөт. Этностук маданий борборлору (украина, индей, кытай, еврей ж. б.) бар. В. – өлкөнүн дан эгиндүү аймагынын ири борбору «буудай борбо­ру» – Виннипег дан биржасы (өлкөдөгү жал­гыз, Түн. Америкадагы ири), Канада эгин к-ти­нин, Буудай өндүрүүчүлөрдүн бириккен ассо­циациясынын штаб-квартираларын камтыйт. А. ч. машиналарын куруу өнүккөн. Нефть ажы­ратуу, полигр., тигүү (фермерлер үчүн жумушчу кийим), тамак-аш (эт, сүт, ун, кондитер азык­тары, пиво кайнатылат) өнөржай ишканалары иштейт.