ВИРГИНИЯ-БИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРГИ́НИЯ-БИЧ – АКШнын чыгышындагы шаар. Виргиния штатында. Норфолк – Вирги­ния-Бич агломерациясынын борборлорунун бири. Калкы 453,9 миң (2006; агломерациясын­да 1,6 млн). Атлантика океанындагы Чесапик булуңунун жээгинде жайгашкан. Норфолк ш. В.-Б-ке чыгышынан жалгашат. Чесапик булу­ңу аркылуу тешкентоо-көпүрө автомобиль жолу (уз. 37 км) өтөт. 1607-ж. негизделген; 1906-жыл­дан шаар, 1963-жылдан көзкарандысыз шаар (бир да округга кирбейт). Туризм борбору, де­ңиз климаттык курорт; дүйнөдөгү эң узун ку­рорт пляжы бар үчүн Гиннесс китебине кирген. «Форт-Стори» жөө аскерлер базасы, Генри тум­шугунда маяк, континенттеги кыштан салын­ган эң эски имарат (Адам Торогуддун үйү; 17-кылымдын аягы), деңиз паркы бар. Ун-т (менчик), кол­леж, деңиз музейи, симф. оркестр иштейт. Тей­лөө чөйрөсүндө шаар калкынын 97% эмгекте­нет. В.-Б-те ж-а анын чет-жакасында авиабаза, деңиз пехотасынын базасы, аскер флотунун окуу-машыгуу борбору жайгашкан. Христиан телекөрсөтүү тармагынын штаб-квартирасы ж-а анын негизги студиялары (программасы 70 тил­де жүргүзүлөт) бар. Машина куруу, электрони­ка, курулуш индустрия өнөржай ишканала­ры иштейт.