ВИСКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́СКИ (англ. whisky, лат. аqua vitae – өмүр суусу) – негизинен Англия м-н АКШда тарал­ган күчтүү, спирти 40–50% болгон алкоголдуу ичимдик. Ал дан эгиндеринин ачытылган ши­ресин бууландыруу жолу м-н алынат. В. даяр­доо үчүн бууландыруучу ж-а ректификациялоо­чу ар түрдүү аппараттар колдонулат. В-нин бар­дык түрлөрүнө арпанын угуту кошулат. Жетил­ген В-ге хим. таза суу, тазартылган спирт, кээ­де жыттуу заттар (экстракт) ж-а шарап аралаш­тырылып, керектүү сапат камсыз кылынат.