ВИСЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́СЛА – Польшадагы эң узун ж-а суусу мол дарыя. Уз. 1047 км, алабынын аянты 198,5 миң км2. Батыш Карпат тоолорунан башталат да Мазовия-Подляск түздүгү аркылуу агып, Бал­тика деңизиндеги Гдань бухтасы м-н Висла бу­луңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Сан, Дунаец, Вислока, Вепш, Буг (оң), Пилица, Брда (сол). Орт. чыгымы Варша­ва ш. тушта 590 м3/сек, чатында 1030 м3/сек. Жазында суусу кирет. Төмөнкү ж-а ортоңку агы­мында кеме жүрөт. Днепр, Одер, Неман д-на

Висла дарыясы.


каналдар аркылуу туташат. Боюнда Краков, Варшава, Плоцк, Торунь, дельтасында Гданьск ш. жайгашкан.