ВИТИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТИ́М – Чыгыш Сибирдеги дарыя, Ленанын оң куймасы. Уз. 1837 км, алабынын аянты 225 миң км2. Витимкан ж-а Чина д-нын кошулу­шунан түзүлөт. Витим бөксөтоосу, Становой тайпактоосунун чети м-н агып, чатына жакын дельтаны пайда кылат. Босоголуу. Негизги куй­малары: Ципа (сол), Калар (оң). Орт. чыгымы 1520 м3/сек. Майдан ноябрга чейин суусу ки­рет. Ноябрдан майдын ортосуна чейин то ңот.

Чатынан 300 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Бодайбо ш. жайгашкан. Алабында алтын, слю­да кендери бар.