ВИЧЕНЦА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЧЕ́НЦА – Италиянын түн.-чыгышындагы шаар. Венеция обл-нун ж-а В. провинциясы­нын адм. борбору. Калкы 117,3 миң (2006). Альп тоосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. 1115-жылдан эркин шаар-коммуна.

Виченцадагы Ротонда вилласы (1565–91).


Рим теат­рынын калдыгы, криптопортика, көпүрөлөр, ак­ведук, чиркөөлөр, соборлор, сарайлар, палац­цо, базилика ж. б. сакталган. В. Италиянын зер буюмдар өндүрүшүнүн ири борбору. Баалуу буюмдардын (алтындан ж-а күмүштөн жасал­ган) эларалык көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат. Зергерчиликке керектүү жабдууларды чыгаруу­чу өндүрүшү, машина куруу (текстиль, а. ч., электр-тех. ж.б. ), текстиль, тигүү, булгаары­бут кийим, жыгаччылык, эмерек, хим., тамак­аш, курулуш материалдары, карапа буюмдар өнөржайы иштейт. В. ж-а Венеция обл-ндагы Палладио курган виллалар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.