ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ [1925-жылга чейин РКП(б) БКнын Орто Азия Бюро­су] – 1922-ж. апрелде РКП(б) БКнын Түркстан



бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Анын бөлүмдөрү ж-а парт. уюмдарга жетекчилик кы­луучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП(б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген ж-а бе­киткен. ВКП(б) БКнын О. А. б-нун биринчи төрагасы С. И. Гусев, андан кийин 1922–24-ж. Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-ж. ал кызмат ВКП(б) БКнын О. А. б-нун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924–31) ж-а К. Я. Бауман (1931–34) иштеген. 1924-ж. Бюро секретарларынын саны көбөйгөн. О. Азия респ-ларындагы парт.-сов. уюмдарынын жетек­чилери (Ф. Хожаев, А. Осмонбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП(б) БКнын О. А. б. жерг. калк­тан парт., мамл., чарба кадрларын даярдоодо зор милдет аткарган; О. Азияда Совет бийли­гин орнотууга ж-а чыңдоодо, чет өлкөлүк ин­тервенттерди ж-а ички рев-яга каршы кый­мылды басууда жетекчилик кылган. 1924–25-ж. О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү, респ-лардын ж-а респ. компартиялардын тү­зүлүшү, 1924–29-ж. жер-суу реформаларын жүр­гүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгы­на байланыштуу маселелерди чечүүгө байланыш­туу иштер, о. эле индустриялаштыруу, коллек­тивдештирүү ж-а маданий рев-я Бюронун жетек­чилиги м-н аткарылган. 1936-жылдан О. Азия ж-а Казакстанда өзалдынча Коммунисттик партиялары ж-а алардын борб. к-ттери иштей баштагына байланыштуу О. А. б-нун зарылдыгы болбой калган. 1939-ж. Бюро ВКП(б) БКнын чечими б-ча жоюлган. К. Дүйшөналиев.