ВЛАДИВОСТОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЛАДИВОСТО́К – Россиядагы шаар. Приморье крайынын адм. борбору. Калкы 586,8 миң (2005). Ы. Чыгыштын ил., маданий, экон. ири борбо­ру. Шаардын негизги бөлүгү Муравьёв-Амур ж. а-нын түш. учунда жайгашып, Алтын Мүйүз бухтасы чулгайт. Ири жолдор тоому. Трансси­бирь магистралынын акыркы пункту. Деңиз порту (жылына 6,5 млн т жүк ташылат). В. – Хабаровск автомагистралы, эларалык аэропор­ту бар. Шаардык фуникулёр (аркан м-н тарты­луучу рельс жолу) 1962-жылдан иштейт. 1860-ж. негизделген; 1875-жылдан шаар. 1888–1920-ж. Приморье обл-нун борбору. 1922-ж. 25-октябр­да Совет өкмөтү орногон. 1922–26-ж. Приморье губерниясынын, 1926–38-ж. Ы. Чыгыш, 1938- жылдан Приморье крайынын борбору. Шаар амфитеатр сымал жайгашып, көчөлөрү тепкич­тенип салынган. Бүркүт Уя (Орлиное Гнездо) дөбөсүндө телемунара, анын этегинде телебор­бор ж-а Радио үйү орношкон. Алтын Мүйүз бух­тасын жээктей шаардын тарыхый очогу жай­гашкан. Арх-ра эстеликтеринен – В. чеби, темиржол


Шаардын жалпы көрүнүшү.


вокзалы, Чыгыш ин-ту (азыр тех. ун-т), «Версаль» мейманканасы, Ыйык Павел люте­ран чиркөөсү, Сибирь флотилиясынын имара­ты ж. б. эстеликтер бар. Уссури булуңунун жээ­гинде, Емар бухтасында Бүткүл Россиялык балдар борбору – «Океан» уюшулган (1983). Россия ИАнын Ы. Чыгыш бөлүмү, 15 ЖОЖ (а. и. Ы. Чыгыш деңиз, мед. ун-ттери ж. б.), 38 китепкана (а. и. А. П. Чехов атн. борб.), музей­лер (Сухановдордун үй-музейи, Тынч океан фло­тунун аскер-тарыхы, деңиз музей-океанариум ж. б.), гал-лар, театрлар, филармония, Тынч оке­ан симфониялык оркестри, цирк иштейт. Жыл сайын «Приморье жылдыздары» эларалык спорттук бал бийи, региондук театр, Бүткүл Россиялык «Ыраакы Чыгыш жазы» классика­лык музыка фестивалдары өткөрүлүп ту рат.

Кеме куруу ж-а ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» – тоңдурулган ба­лык продукциясы, «Дальморепродукт Троу­лерс»), жеңил («Заря» – кийим-кечек ж. б.), ас­кер-деңиз ж-а гражд. флоттор үчүн радиоэлект­роника техникасы («Радиоприбор») өндүрүшү ишт ейт.

Ад.: Владивосток сегодня и завтра. Владивосток, 2000.