ВЛАДИКАВКАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЛАДИКАВКА́З (осетинче Дзаужикау; ингуш­ча – Буру; 1931–44, 1954–90-ж. Оржоникидзе, 1944–54-ж. Дзаужикау) – Түн. Осетиянын бор­бор шаары. Калкы 314,5 миң (2005). Түн. Кав­каздын ил., маданий ж-а экон. ири борбору. Түн. Осетин түздүгүндө, Терек д-нын боюнда жайгаш­кан. Темиржол бекети. Жолдор тоому. В. – Ас­кер-Грузин, Аскер-Осетин жолдорунун ж-а Транскавказ автомобиль магистралынын баш­тапкы пункту. Аэропорту бар. 1784-ж. орус чеби катары негизделген. 1860-жылдан шаар. 1921– 24-ж. Горский АССРинин, Түн. Осетин (1924– 36) ж-а Ингуш АОсунун, 1936-жылдан Түн. Осе­тин АССРинин борбору болгон.

Шаар панорамасы.

Чиркөөлөр, сүн­нөт мечити (1906–08), 20-кылымдын курулуштары (учурда Өкмөт үйү), универмаг, телеборбор, ста­дион, мейманканалар (1960), металлургдар үйү (1966), эстеликтер (К. Л. Хетагуровго, И. А. Плиев-



ге, В. И. Абаевге), элдердин достугу монументи бар. Төрт ЖОЖ (а. и. Түн.-Осетин ун-ти ж-а мед. академия ж. б.), ил.-из. ин-ттары, китеп­кана, мамл. тарых, арх-ра, ад-т бириккен му­зейи, Хетагуровдун үй-музейи, театрлар бар. Түстүү металлургия, машина куруу, электр-тех., жеңил ж-а тамак-аш өнөржай ишканалары ишт ейт.

Ад.: Яндиев А. Д. Владикавказ: Неизвестные страницы истории города. Магас, 2004.