ВОЛКОВ
ВО́ЛКОВ Геннадий Никандрович (31.10.1927-ж. т., Чуваш АССРи) — педагог, этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Педагогика илимд. доктору (1967), проф. (1968), СССР пед. ИАнын (1989), Россия ИАнын, Социалдык ж-а педаго-
гика ИАнын академиги. Чуваш пед. ин-тунун физика-математика ф-тин бүтүргөн (1949). «Этнопедагогика» (1974, 2000) аттуу ил. эмгеги – болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги эмгектеринин бири. Анда окутуу-тарбиялоонун улуттук, аймактык ж-а маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук ж-а жалпы адамзаттык маңызын, анын калыптануу жолун, өбөлгөлөрүн, методикалык ыкмаларын, каражаттарын, учурдагы абалын, окуутарбия ишин этнопед. негизде өркүндөтүү маселелерин чагылдырган. «Письма о “Манасе”», «Созвездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) ж. б. эмгектеринде ж-а бир катар макалаларында кыргыз элинин эпикалык чыгармаларындагы пед. ойлорду изилдеген. «Манас» эпосундагы пед. идеяларды даңазалаган.