ВОЛЬФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬФ Христиан (24.1.1679, Бреславль – 9.4.1754, Галле) – немис философ-рационалис­ти, алгачкы агартуучулук агымдын ири өкүлү, идеологу. В. Лейбництин окуусунун тарапкери, анын метафиз., логикалык, психол. идеяларын ж-а тааным теориясын кабыл алган. В. бирин­чилерден болуп теориялык илимдер м-н эмпи­рикалык колдонмо билимдерге аныктама бе­рип, аларды ажыратып, ар кимисин өзүнүн ар­налышына карата колдонуу маселесин караган. Ал эми философияны болсо, байланыштардын, себептердин ж-а негиздердин тегин изилдөөчү илим катары түшүнгөн. В-тун философия сис­темасында кеңири изилдегени – онтология. Сая­сатта В. өзүн табигый укук теориясы м-н агар­туучулук абсолютизмдин тарапкерлеринин ка­тарына кошкон.