ВОТУМ
ВО́ТУМ (лат. votum – каалоо, эрк) – шайлоо корпусунун же өкүлчүлүк мекемесинин көпчүлүк добуш м-н билдирген пикири же кабыл алган токтому. П а р л а м е н т т и к практикада – адатта төмөнкү палата тарабынан саясий багытты, белгилүү бир акцияны, мыйзам долбоорун, өкмөттүн же айрым министрдин ишмердигин жактыруу, ага ишеним көрсөтүү дегенди билдирет. Ишеним ж-дөгү маселени коюу демилгеси өкмөттүн өзүнө, парламенттин иш-милдеттерине же депутаттык топко тиешелүү болсо, ал бир жактуу В. болуп саналат. Көп жактуу В. – айрым бир өлкөлөрдө өкүм сүргөн тартип, буга ылайык кээ бир категориядагы шайлоочулар шайлоо учурунда эки же андан көп добушка ээ болот. Кыйыр (эвентуалдык) В. – шайлоонун пропорциялык системасынын талабына ылайык кайсы бир талапкер үчүн берилген ж-а шайлоо квотасынан ашып кеткен добуштар, о. эле парт. тизмедеги башка бир талапкерге жазылып коюлат. Милдеттүү В. – айрым өлкөлөрдө бийлик органдарын шайлаган учурда толук укуктуу шайлоочуларды үстөк төлөтүү коркунучу м-н шайлоого катышууга ж-а добуш берүүгө юрид. милдеттендирүү. М. Керимбаев.