«ВОСХОД»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВОСХО́Д» – Жер айланасындагы орбита б-ча учкан көп орундуу космос кемелеринин аты.

«В-дун» констр. жагынан «Восток» кемесинен айырмасы – жумшак кондуруу системасы, ре­зервдүү тормоздук кыймылдаткыч жасалгалары, иондуу билдиргич (датчик) аркылуу багыт алуу системасы, өркүндөтүлгөн телевизор ж-а радиотех. аппаратурасы бар. «В.-1» кемесинин учкуч-космонавты В. М. Комаров (командири), ил. кызматкер К. П. Феоктистов, врач Б. Б. Егоровдордон турган экипажы 1964-ж. 12-ок­тябрда орбитага чыгарылган. Экипажы космо­навт П. И. Беляев (командири) ж-а учкуч-кос­монавт А. А. Леоновдон турган «В.-2» кемеси 1965-ж. 18-мартта учурулган. Космонавт А. А. Леонов өзалдынча (жеке) жашоого мүмкүнчүлүк берген скафандр кийип, дүйнөдө биринчи болуп ачык космос мейкиндигине чыккан, кемеден 5 м алыстыкта 20 мин убакыт сыртта жүрүп, сүрөткө тартуу ж-а өлчөө иштерин аткарган. «В-дун» максимум массасы 5,68 т, максимум учуу бийикт. 497 км.