ВРОЦЛАВ
ВРО́ЦЛАВ – Польшанын түш.-батышындагы шаар. Одра д-ндагы порт. Вроцлав воеводдугунун (адм.-айм. бирдик) борбору. Калкы 633,3 миң (2005); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4- шаар. Машина куруу, хим., жеңил, жыгаччылык, тамак-аш өнөржайы; ун-т, бир нече ил.- из. ин-ттары, китепкана, Польша ИАнын басмасы, опера театры, Силезия, арх. музейлери бар. 10-кылымдан эскерилет. Силезиянын башкы шаары, бир топ кылым (1945-ж. чейин) немистердин үстөмдүгү астында болгон. 13–16-кылымдагы ратуша, 13–18-кылымдагы костёлдор м-н үйлөр, «Кылым залы» (Эл үйү; 1911–13), Бириккен жерлердин көргөзмө комплекси (1948-жылдан) бар.