ВУЛКАНИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУЛКАНИЗА́ЦИЯ – «чийки» каучукту ийил­чээк резинага айландыруучу технол. процесс. Каучукка караганда резина колдонулууга көп­чүлүк физ.-мех. касиеттери б-ча ыңгайлуу ке­лет. Анын жылуулукка, суукка чыдамдуулугу жогорулайт, ийилчээктиги ж-а бышыктыгы ар­тат, орг. эриткичтерге эриши ж-а көбүүсү азаят. Көпчүлүк учурда каучуктарды В-лоо күкүрт же башка (ыш, бор, коалин ж. б.) хим. агенттер­дин жардамы м-н жүргүзүлүп, каучуктун мак­ромолекуларынын ортосунда тор сыяктуу бай­ланыштар пайда болот. Тор сыяктуу түзүлүш­төгү вулканизаттардын касиети хим. байла­ныштардын санына, алардын молекулада жай­гашышына ж-а мол. салмагына жараша өзгө­рүлөт. Каучукка 0,5–5% күкүрт кошулса, жум­шак вулканизаттар пайда болот. Алардан авто­мобиль камерасы, покрышкасы, топ, түтүк ж. б. жасалат. Ал эми 30–50% күкүрт кошул­са, катуу ийилгич эмес материал (эбонит) алы­нат. Өнөржайда резина аралашмаларын В-лоо атайын агрегаттарда, автоклавдарда, пресстер­де, туз ванналарында, калыпталган ж-а калып­талбаган казандарда, тынымсыз иштөөчү аппа­раттарда басым астында ысытылып жүргүзүлөт. Каучукту хлордуу күкүрттүн (S2Cl2) жардамы м-н ысытпай эле В. жүргүзүүгө болот. Курамында күкүртү жок В-лоочу бирикмелер да белгилүү. Окистендирүүчү агенттер (О2, орг. ж-а орг. эмес өтө кычкылдар, нитробирикмелер диазобирик­мелер ж. б.). В-нын жардамы м-н ар кандай шарттарга туруктуу жакшы касиеттерге ээ ре­зиналар алынат.