ВУЛКАНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУЛКАНОЛО́ГИЯ – геологиянын жанартоо­лорду изилдеген тармагы. Жанартоолордун пай­да болуу процесстерин, аракетке келүү ж-а аты­лып чыгуу себептерин, өнүгүп-өөрчүшүн, аты­лып чыккан материалдардын курамын, анын жер бетинде таралуу законченемин ж. б. кубу­луштарын изилдейт. В-нын негизги максаты – жанартоолордун атылып чыгышын алдынала билүү жолдорун табуу ж-а андан чыккан ысык суу м-н буулардын жылуулук энергиясын эл чар­басынын керектөөсүнө пайдалануу. Бул масе­лелерди чечүүдө В. геология, геотектоника, гео­физика, геохимия ж. б. илимдердин маалымат­тарын кеңири пайдаланат.