ВУЧЕТИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУЧЕ́ТИЧ Евгений Викторович [15(28).12.1908, азыркы Днепропетровск ш. – 1974, Москва] –


Тр еп тов-п арк та гы (Берлин) фашизмге каршы согушта кур­ман болгон Советтик Армиянын жоокер­лерине арналган эс­телик-ансамблдеги жоокер-бошотуучу­нун статуясы.


скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1959), СССР көр­көм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1953), Соц. Эмг. Баатыры (1967). Совет мамлекетинин тарыхындагы эң маанилүү окуяларды жалпы­лап берүү м-н доордун алдыңкы идеяларын ча­гылдырууга умтулган. Ал түзгөн образдар көп учурда баатырдык-символдук мааниге ээ болгон. Бул анын совет элинин Улуу Ата Мекендик со­гуштагы каарман күрөшүн көрсөткөн белгилүү чыгармаларынан айкын көрүнөт: генерал-лей­тенант М. Г. Ефремовдун Вязьмадагы эстелиги (1946; 1947-ж. СССР мамл. сыйл. алган), кур­ман болгон сов. жоокерлерге Берлиндин Треп­тов паркында тургузулган эстелик-ансамбль (коло, гранит, 1946–49, арх. Я. Б. Белопольский ж. б. м-н бирге), «Сага ант беребиз, Ленин…» деген горельеф (1949, башка авторлор м-н бир­ге, 1950-ж. СССР мамл. сыйл. алган), Мамаев дөбөсүндөгү (Волгоград) «Сталинград салгыла­шынын баатырларына» эстелик-ансамбли (те­мир-бетон, 1963–67, Я. Б. Белопольский ж. б. м-н бирге; Лениндик сыйл. 1970-ж.). В. портрет жанрында да ийгиликтүү эмгектенген. Эки жол­ку Сов. Союз. Баатырлары И. Д. Черняховский­дин (коло, гранит, 1945), В. И. Чуйковдун (мра­мор, 1947) ж-а Т. Т. Хрюкиндин (мрамор, 1948), Соц. Эмг. Баатыры Н. Ниязовдун (коло, 1948) портреттери үчүн СССР мамл. сыйл. (1946, 1948, 1949, 1950), Индия саясий ишмерлеринин порт­реттери үчүн Неру атн. сыйл. (1958) ыйгарылган. Эки Ленин ордени, II даражадагы Ата Мекен­дик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Ад.: Лебедев П. И. Е. Вучетич. Альбом. М., 1960.