ВХУТЕМАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВХУТЕМА́С , Ж о г о р к у с ү р ө т-т е х н и­к а л ы к ө н ө р к а н а – 1920–27-окуу жылдардагы Москва көркөм сүрөт окуу жайы. В. Строганов окуу жайы Живопись, бедизчи­лик, зодчийлик окуу жайы м-н бириктирилген­ден пайда болгон. В-та живопись, полиграфия, бедизчилик, арх-ра, текстиль, керамика, жы­гач иштетүү, металл иштетүү ф-ттери болгон. В-тын программалары көркөм сүрөт иск-восу­нун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм мад-т ин-ту тарабынан иштелип чыккан. Студенттер­дин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана В-тын живопись ф-тинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары ж-а Д. А. Щербиновскийдин анат. сүрөт өнөр­канасы пайда болгон. 1926–27-окуу жылында В. Вхутеин болуп кайра түзүлгөн.