ВЫГОЗЕРО
ВЫГО́ЗЕРО , В ы г, В ы г о з е р о с у у с а к т аг ы ч ы – Карелиядагы көл. Аянты 1159 км2, тереңдиги 18 мге чейин. 1932–33-ж. Төмөнкү Выг д-на Выгозеро суусактагычы курулгандан кийин В-нун аянты 1250 км2ге жеткен. Суусунун деңгээли 1 мге чейин өзгөрүп турат. Октябрдын аягы – ноябрдын башынан тоңуп, майдын аягында ачылат. Куймалары: Жогорку Выг, Вожма, Сегежа, Онда. Кеме жүрөт (Ак деңиз – Балтика каналынын системасына кирет). Энергетикада пайдаланылат. Боюнда Сегежа ш. жайгашкан.