ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. Кислоталар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык Гидразобирикмелердин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О2 бөлмө температурасында аларды окистендирип, азобирикмелер пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да Гидразобирикмелер оӊой окистенет. Мисалы, гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н2О2, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темппературада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык Гидразобирикмелер күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Гидразобирикмелер азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык Гидразобирикмелер – азобоёкторду алуудагы баштапкы зат, ошондой эле дары-дармек алууда колдонулат.