ГИДРИДДЕР
ГИДРИДДЕР – суутектин башка элементтер (көбүнчө металлдар) м-н болгон химиялык бирикмелери. Щелочтуу ж-а щелочтуу жер металлдардын Гидриддери – молекуласында окистенүү даражасы – 1 болгон суутектин атому бар туз сымал бирикмелер. Аларды ысытканда Н2 бөлүнүп чыгат; органикалык эриткичтерде эрибейт; сууда щелочторго, Н2ге ажырайт; кургакта туруктуу. Be, Mg, Al, Cu, Zn, Ca Гидриддери – ысыкка анча туруксуз полимерлүү бирикмелер. Металлдардын Гидриддери калыбына келтиргичтерди ж-а суутекти алуу булагы болуп саналат. Металлдардын галогениддеринин щелочтуу металлдардын Гидриддери же алюмогидриддери м-н реакцияга кирүүсүнөн пайда болот. Металл эместердин Гидриддери – коваленттүү бирикмелер, көбү газ (SiH4, PH3), сууда кислоталарды ж-а Н2 пайда кылуу м-н ажырайт. Органикалык синтезде калыбына келтиргич, өтө таза металлдарды алууда катализатор ж-а өтө күчтүү отун катары колдонулат.