ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ
ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨ-МӨЛ – мал чарбачысында, жаныбардан алынган прокдуцияны ж-а сырьёну кайра иштетүүчү өнөржайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды ж-а алардан алынган продукцияны экспорттоодо ж-а импорттоодо вет.-санит. норма ж-а эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. О. эле ошол продукциялардын санит. сапатына да жооп берет. В.-с. к-үнүн вет. адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын ж-а сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө вет. закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон ж-а адамга зыяндуу продукцияларды ж-а сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө ж-а зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында В.-с. к-дөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо ж-дө тыянак берүү; жагымсыз тоют ж-а сууну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу ж-а мамл. чегарадан чыгаруу же чыгарбоо б-ча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын ж-а сырьёну ташуу ж-а колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу ж-а көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын вет.- санит. ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. В.-с. к. вет.-санит. эрежелерди бузган тарапты адм. жоопко тартуу укугуна ээ. В.-с. к. санит. эпидемол. кызмат м-н бирдикте иш жүргүзөт. А. Ш. Иргашев.