ВЕТЕРИНАРИЯ САНИТАРИЯСЫ
ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ – ветеринариянын малдын ылаңдарын алдыналууну, мал м-н кишиге бирдей жугуштуу ж-а инвазиялуу оорулардан сактоону, о. эле малдан алынуучу санит. талапка жооп берүүчү продуктуларды, сырьёну ж-а тоютту өндүрүү жолдорун изилдөөчү бөлүмү. Ал вет.-санит. ишчараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу организмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулардын киришинен коргоо максатында сөзсүз аткарылуучу талаптар. Алар вет. закондор м-н чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо б-ча вет.-санит. иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: мал сарайларында, тоют даярдоо ж-а сактоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биол. калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; топуракты ж-а сууну булгануудан сактоо ж. б. О. эле малдан алынган продуктулардын, тоюттун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлардын ж-а алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиенасын ж-а багуусун жөнгө салуучу вет.-санит. нормативдерди иштеп чыгат. Вет.-санит. бир катар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтоология ж. б.) м-н тыгыз байланышта. Вет. санит. иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылыштарынан кийин ил. негизделген, к. Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө. Ад.: Поляков А. А. Ветеринарная санитария. М., 1979.