ГИДРОФИТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОФИТТЕР (гидро... ж-а гр. phytjn – өсүмдүк) – суу астындагы кыртышка бекип ж-а төмөнкү бөлүгү гана сууда туруучу суу өсүмдүктөрү. Негизинен дарыя, көлмө, көл, деӊиз, океан жээктеринде өсүүчү ж-а саз өсүмдүктөрү. Алардын тамырлары, өткөргүч түтүкчөлөрү ж-а мех. ткандары мыкты өнүккөн. Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы катары криптофиттерге тиешелүү. Көпчүлүк Гидрофиттерден чым көӊ (торф) пайда болот.