ГИДРОЭЛЕВАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЭЛЕВА́ТОР (гидро... ж-а лат. elevator – көтөрүүчү) – суюктукту ж-а гидроаралашмаларды өткөргүч түтүктөр м-н жылдырып же жогору чыгаруучу агым насосу. Гидроэлеватордун иштеши кийиргич түтүккө (насадкага) келүүчү суу агымынын энергиясын пайдаланууга негизделген. Суу агымы Гидроэлеватор аркылуу чоӊ ылдамдык м-н өтүп, кийиргич түтүктөн чыгарда басымдын өзгөрүшүн пайда кылат. Бул Гидроэлеватордун аралаштыруучу камерасына ташылуучу материалдын келишине шарт түзөт. Жумушчу суюктуктун агымы пайда болгон гидроаралашманы аралаштыруучу камерадан диффузорго алып кетет. Диффузордо гидроаралашманын ылдамдыгы төмөндөйт, бирок агымдын кинетикалык энергиясынын бир бөлүгү потенциалдык энергияга айланышынын негизинде басым чоӊоюп, натыйжада гидроаралашма өткөргүч түтүк аркылуу жылат. Гидроэлеватордун кыймылдуу бөлүктөрү болбойт, конструкциялык жактан жөнөкөй, бирок пайдалуу аракет коэффициенти 20—25%тен ашпайт. Гидроэлеватор материалды жакын аралыкка (бир нече 100 мге чейин) ташуу үчүн тоо ж-а курулуш жумуштарында, откана м-н электр станцияларда күлдү ж-а шлакты чыгарууда, кум ж-а шагыл ташууда колдонулат.