ВИВЕКАНАНДА
ВИВЕКАНА́НДА Свами (монахча аты); чыныгы ысмы – Н а р е н д р а н а т х Д а т т (12.1.1863, Калькутта,– 4.1.1902, Белур) – индиялык ойчул-гуманист, философ, дин реформатору, коомдук ишмер. 1893-ж. Веданта окуусун үгүттөө, таратуу максатында В. АКШ, Япония, Улуу Британия ж. б. көп өлкөлөрдү кыдырган. 1897-ж. «Рамакришна миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюштуруп, аны Индияда динди жандандыруунун борборуна айландырган. В. адамзатты «куткаруунун» бирден бир каражаты – коомдун, өткөндүн руханий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеп, буларды жүзөгө ашырууда, айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адаттарына, байыртан келаткан бай диний жөрөлгөсүнө, рухий салт-санаасына чоң маани берген. Дүйнөдөгү бардык диндердин рухий бирдейликтерин белгилей келип, В. ошол эле учурда «бардык диндердин энеси» деп индуизмди эсептеген. Индуизмдин филос. негизин ведантадан көргөн. В-нын социалдык көзкарашынын негизинде коомдук прогресстин төрт баскычы жатат, б. а. прогресстин жүрүшүндө төмөндөн өйдөнү көздөй ырааттуу жогорулап (брахмандардын, кшатриелердин, вайшьелердин, шудрлардын варналары) жүрүп отурат. Азыркы коомдо «вайшьелер доорунун арааны», келечекте – «шудрлар доорунун арааны» жүрөт делет.