ГЛАЗЕНКО Матрена Аксентьевна
ГЛАЗЕ́НКО Матрена Аксентьевна (1916, Украина, Житомир облусу, Забара айылы – 1990, Чүй облусу, Кемин району) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1950-жылдан Кемин районундагы Ильич атындагы асыл тукум мал заводунда музоо багуучу болуп

иштеп, 1200дөн ашык асыл тукум музоо багып өстүргөн. 1965-жылы 82 музоону чыгашасыз асырап, алардын кунардуулугун арттырган. 1966–70-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.