ГОЛЛАНД УЮ
ГОЛЛА́НД УЮ – сүт багытындагы уй породасы. Голландияда жергиликтүү уйларды узак жыл бою жакшыртуунун негизинде чыгарылган. Фрисланд, гронинген ж-а рейнизель деп аталган түрлөрү кийин өзүнчө үч породага айланган. Бул уй негизинен кара ала, өркөчүнүн бийиктиги 136 см, көкүрөк курчамы 220 см, дене узундугу 168 см. Инегинин салмагы 550–600 кг, букасыныкы – 900–1000 кг. Ар уйдан жылына 4500 кг, айрымдарынан 13000 кг сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу

3,95–4%. Бул породанын эӊ мыкты уйлары Голландиянын Фрисландия провинциясында болгон. Россияга 18-кылымдын башында алып келинген. Анын сүттүүлүгү ар уйдан 4225 кг, майлуулугу 4%. Голланд ую Нидерланд, АКШ, Англия, Германия, Швеция, Жаӊы Зеландия, Италия ж. б. өлкөлөрдө кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө холмогор, карала, тагил, бестужев, Кыргызстанда олуя ата уюн чыгарууда пайдаланылган.