ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:04, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК (гомо... ж-а гамета) – хромосома жыйындысында бир же бир нече жуп бирдей жыныс хромосомасы болгон организмдин жыныс клеткаларынын (гаметаларынын) бирдейлиги, окшоштугу. Сүт эмүүчүлөрдө, балыктарда, кээ бир өсүмдүктөрдө Гомогаметалуулук – ургаачы жыныска, ал эми канаттууларда, көпөлөктөрдө ж-а бүлдүркөндүн кээ бир түрлөрүндө Гомогаметалуулук эркек жыныска мүнөздүү болот.